Тайбэйдин Тайчунг шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Роман Ким коло медаль тагынды. Ал 120 килограмм салмакка чейинки ченде катышып, 3-орун үчүн күрөштө корей спортчусун 6:4 эсебинде жеңип алган.
Бул жеңишти кошкондо жалпысынан грек-рим балбандары аталган мелдеште 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медаль тагынышты.