Бүгүн, 17-июнда Кыргыз балбандары жаштар арасында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда эки медаль жеңишти.
50 килограмм салмакка чейинки категорияда Анарбек Сыдыкбеков 3-орун үчүн беттеште тайвандык балбандан күчтүү болду.
55 килограмм салмакка чейинки ченде күрөшкөн Назира Марсбек кызы монголиялык балбанды 7:2 эсебинде утуп, коло медалдын ээси болду.