Лондондо жүк ташуучу унаа мечиттен чыгып келе жаткан адамдарды сүзүп кетти

19-июнга караган түнү Лондондо автофургон мечит алдында топтошуп турган адамдарды сүзүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча 10дой адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Окуя шаардагы Севен Систерс көчөсүндө орун алган. Маалым болгондой, айдоочу ошол жердеги адамдар тарабынан кармалып, полицияга өткөрүлүп берилген.

Укук коргоо органдары Севен Систерс көчөсү жабылганын, айдоочу адамдар тобун атайын сүзгөнү же унааны башкара албай кокустан жолдон чыгып кеткенин текшерип жатат.

Эске салсак, 3-июнда Лондондо үч адам отурган унаа жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп барып, базарга жеткенде туш келген адамдарга бычак сайып башташкан. Террорчулар полиция тарабынан жок кылынган. Окуядан акыркы маалыматтар боюнча 8 адам каза болуп, 48 адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aitosh93.kg
2017-06-19 10:10:40
Londondo nege kop kyrsyk bolup jatat
0
Kroxa
2017-06-19 10:52:28
Айдоочу кыргыз жараны болбосо экен..
+1
Nur659467
2017-06-19 15:06:59
Kroxa,кудай сактасын
0
jbolotov
2017-06-19 15:21:04
Мусулмандарды олтургонго аракет кылган экенда. Эми булардыда Исламчы террористер деп коет
+1
tyrgon
2017-06-20 01:06:30
jbolotov, жок акылдуу сезет озулорун башкара албай деп именно мечиттин жанынан башка ра албайчы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан