Бүгүн, 19-июнда бир топ ырлары менен эл оозунда калган ырчы Таалай Бектурганов көзү тирүү болгондо 49 жашка толмок.
"Назира", "Эмне мынча сүйөм сени?", "Таарынба" жана башка көптөгөн популярдуу чыгармалардын автору Таалай Бектурганов Чаткал районунун Ак-Таш кыштагында 1968-жылы туулган. Үй-бүлөдө он бир туугандын сегизинчиси болгон. Мектепте абдан жакшы окуган, айрыкча спортко болгон кызыгуусу күч болуп, сууда мыкты сүзгөн. 7-8-класстарда атасынан комуз черткенди үйрөнүп, мектептеги иш-чараларда ырдап жүргөн. 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган. Таалай Бектурганов 1995-жылы сырдуу өлүмү менен кырчындай 27 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
19-июндун жылнаамасы.