Футбол боюнча Конфедерациялар Кубогунда Чили Камерунду утуп, 3 упайга ээ болду

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Конфедерациялар Кубогунда "В" тайпасында Камерун менен Чили кез келди. Оюн Москва шаарындагы "Открытие Арена" стадионунда өттү.

Оюндун жүрүшүндө Түштүк Америка чемпиондору кооптуу абалдарды атаандашка караганда көбүрөөк жаратып жатышты. Экинчи таймда команда лидери Алексис Санчес чыккандан тарта Чилинин чабуулдары күчөдү. Жыйынтыгында оюн соңунда Артуро Видаль менен Эдуардо Варгас жеңүүчүнү аныкташты. Чили 3 упайга ээ болду.

Бул тайпадагы дагы бир оюн Австралия-Германия беттеши бүгүн орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Almazbek1980kg.
2017-06-19 09:29:45
Бүгүн 18:00 Москва сааты Австралия & Германия оюн болот.Ким утат?
+1
almazbei
2017-06-19 09:44:09
Almazbek1980kg.жанылышасын ,москва убактысы боюнча 18,00 до болот.
0
Bakulya97
2017-06-19 13:37:27
Almazbek1980kg.,германия 99%женет.
+1
kelechek.kg
2017-06-19 10:21:38
Уйкудан калбай Фудбол корот экенбизда Кудай кааласа,а то Европа же башка жагында болсо тунку саат 2 3 тордо коробуз деп уйкудан калчу элек
0
kilim
2017-06-19 11:43:06
Испания чемпион
-3
Bakulya97
2017-06-19 13:38:07
kilim,испания качышкан жок.
-1
asan.toluktuk
2017-06-19 15:32:53
Австралияны былтыр Ак Шумкарлар азабын беришкен. немистин машиналары эмне кылат болду экен
0
barsa30
2017-06-19 16:48:14
Камерундагы жакшы ойношту 1.2 топ нап жетишпей калдыда Санческе окшогон.
0
FCBMESSI
2017-06-19 18:51:45
Санчес негизги курамда чыкканда 4 голдон кем эмес болчу
0
D.Malikov
2017-06-20 17:06:46
Чилини колдойм бул турнирде!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан