ИИМ: Апта аралыгында 456 кылмыштын бети ачылып, 9 тоннадан ашык баңгизаты кармалды

Кыргыз өлкөсүндө 12-июндан 18-июнга чейин милиция кызматкерлери тарабынан ачылган кылмыш фактыларынын санын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, ыкчам изилдөө аракеттеринин натыйжасында 456 кылмыштын бети ачылды. Алардын 95и изи сууй электе ачыкталса, 161и мурда катталган кылмыштар. Мыйзамсыз баңгизатын жүгүртүү боюнча милиция кызматкерлери 9 тонна 543 килограмм 768 грамм маңзатын кармашкан.

"Мындай ири көлөмдөгү баңгизатынын табылып алынышы - Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Озёрная айылынын тургуну 1 гектар 20 сотых аянтка кара куурай өстүргөндүгүнө байланыштуу болду. Анын бул мыйзамсыз аракеттери ачыкталып, өстүргөн кара куурайдын чийки салмагы 9 тонна 520 килограммды түздү", - дейт ИИМдин маалымат кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kyrgyz.kg83
2017-06-19 11:29:47
Бир аптада 456 кылмыштын бети ачылып жатса,ачылбаганы канча бул статистика Кыргызстанда кылмыштулук куч алганын билдирет
+1
tuki
2017-06-19 11:57:33
Тогуз жарым тонна дейби кудай сактасын
+2
RusMos76
2017-06-19 12:06:51
Кудай сакта, олкобуз кандай жолго кетип бара жатат, статистика коркунучтуу го.
+1
Uranbekov97
2017-06-19 12:26:38
Админ 9 кг эмесби 9 тонна болсо Афганистан болуп калат го!
+1
nurbekasr
2017-06-19 12:34:17
Оойй адашып жазып алган жокбу,9,5кг болсо керек.9,5тонна наркозат кармаса анда абал коопту экен.
0
meniuk
2017-06-19 12:45:02
эу баарын тан калбай окусанар силерди окусун деп жазып койгон силерге эмне бул тантырай турган сайт беле 1 гектар 20 сотых жерге эксе чийки болсо тем более 9 тонна болотда анан бирок эккен адамдын жумурткасы темирден экен ошончо жерге эгип
0
Fidel
2017-06-19 14:37:01
Афганистан Пакистан Сомали Нигерия Мексикадан дагы ашып кеткенбизго Кылмыштуулук жана наркотика оборот боюнча, чиркин жашоого бул жагы))) Бир жумада мындай болсо 1 ай 1 жылды айтпагыла уят эч Ким жана эч кайсы Турист келбей койбосун!
0
edik-kg
2017-06-19 17:47:12
Олдуго 9тонна болсо бир камаз экенда))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан