Ага модель Памела Андерсондун уулу Брэндон, актёрлор Сильвестр Сталлоненин кыздары София жана Систин, Жуд Лоунун уулу Рафферти, Пирс Броснандын уулу Дилан, супермодель Синди Кроуфорддун уулу Пресли, грек ханзаадасы Павелдин улуу кызы ханбийке Мария Олимпия жана башка бир топ атактуулардын балдары катышышты.
Коллекция мырзалардын мода жумалыгына карата уюштурулуп, кийимдердин көпчүлүк бөлүгү эркектерге арналган.