Кыргыз өлкөсүнүн улуттук курамынын оюнчусу Валерий Кичин Орусиянын "Енисей" клубу менен болгон келишимин 2 жылга узартты. Бул тууралуу "Енисей" футболдук клубунун официалдуу басылмасы жазып чыкты. Аталган команданын курамында Валерий Кичин өткөн 2016-2017-жылкы сезондо 25 жолу оюн талаасына чыккан. Анда 2 жолу гол киргизип, үч жолу гол жаратууга жардамдашкан.
Андан сырткары 2016-жылдын жыйынтыгы менен Кыргыз мамлекетинин "мыкты спортчусу" жана "мыкты футболчусу" аталган.