Футбол боюнча өлкө биринчилиги – Топ-Лиганын 10-турдук оюндары 18-июнда жыйынтыкталды. Футбол Лигасы билдиргендей, оюндар Ош, Бишкек жана Кочкор-Ата шаарларында орун алды.
Ош шаарында турнирдик таблицада 1-орунда келе жаткан “Алай” командасы “Кара-Балтаны” кабылдап, ишеничтүү түрдө 4:2 эсебинде жеңишке жетишти. Кочкор-Ата шаарында жергиликтүү “Нефтчи” 90-мүнөттө өз дарбазасына “Алга” оюнчусу Рамзи Набиевдин голун өткөрүп алды. Жыйынтыгында “Алга” 3 упайга ээ болду.
Бишкек шаарында “Дордой” Канттын “Абдыш-Ата” командасын кабыл алды. Александр Крестинин машыктырып баштаган бишкектик команда Алишер Азизовдун голу менен жеңишке жетишти. 86-мүнөттө Валерий Кашуба коноктордун чабуулчусу Алерива Олувасендин пенальтиден тепкен соккусун тосуп кетти.
Бул оюндар менен Топ-Лига жайкы тыныгууга чыкты. Кезектеги оюндар 29-июлда уланат.