Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө отун таратылат

Бишкек шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу ишканасы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үй-бүлөлөрүнө отун таратат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Турмуш шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, пенсионерлерге Бишкек шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан түзүлгөн тизме боюнча отун акысыз берилет. Жалпысынан шаардагы кооптуу делип кыйылган, кулаган бактардан алынган 1050 метр куб өлчөмүндөгү отун таратылат", - деп билдирет мэриянын маалымат кызматы.

Анда айтылгандай, муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү 2017-2018-жылдагы кыш мезгилине карата даярдык көрүү ишинин негизинде жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан