Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынан карагайды мыйзамсыз ташыган ишкерлер кармалды. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын бүгүн, 19-июндагы маалыматына ылайык, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган жаранга жеринде протокол толтурулган.
"Түн ичинде карагай жүктөп бараткан Ж.Б. аттуу тургун кармалды. Унааны текшерүү учурунда курулушка жарамдуу узундугу 5 метр, 4 кубдан ашуун карагай табылды. Учурда карагайлардын мыйзамсыз кыйылышы боюнча Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун токой чарбалары текшерилип жатат. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз иштерге баргандарга чара көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, карагай жүктөп бара жаткан айдоочу унаада уулу менен чогуу болгон.