Түп районунда жергиликтүү жашоочулардын үйүнөн баңгизаты табылып алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баңгизаты менен Түп районунун Түп айылынын 54 жаштагы К.С. аттуу тургуну кармалды. Анын үйүнөн 10 грамм 350 миллиграмм марихуана табылган. Ал буга чейин баңгизатын мыйзамсыз сактагандыгы үчүн соттолгон. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.
"Жарандардын дагы бири Түп районунун Ичке-Суу айылынын 43 жаштагы Т.М. аттуу тургуну марихуана сактагандыгы үчүн кармалган. Ал буга чейин ээн баштык беренеси менен соттолгон. Кылмышка шектүү катары кармалган адамдардан жашаган жеринен эч жакка кетпөө боюнча тил кат алынгандан кийин үйлөрүндө калтырылды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп айтылат министрликтин маалыматында.