#СуперАта ким экенин аныктаган добуш берүү токтотулду

Жыл сайын дүйнөдө белгиленчү Аталар күнү быйыл 18-июнда белгиленди.

Бул күндүн урматына "Супер-Инфо" гезити жана SUPER.KG порталы ЮНИСЕФ менен биргеликте #СуперАта сынагын жарыялаган. Аталган иш-чаранын максаты – аталардын балдарды тарбиялоодогу өзгөчө ордун, алардын сүйүүсүн, бала төрөлгөндөн тарта атанын колдоосу зор мааниге ээ экенин белгилөө.

Эл арасында супер аталар толтура! Алар жумуш, үй-бүлө багуу менен катар балдарынын турмушуна да активдүү катышат. Алар балдарын жуунтушат, тамактандырышат, чогуу ойношот, уктатышат. Дал ошондой супер аталардын балдары менен түшкөн кызыктуу сүрөт-баяндарына сынак жарыяланып, арасынан кызыктуулары добуш берүүгө 16-июнда коюлду. Ал эми бүгүн, 19-июнда саат 18:00дө добуш берүү токтотулду.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында ким #СуперАта наамына ат салышууда көп добушка ээ болгонун бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mumu1986
2017-06-19 18:22:32
Куттуктайбыз!!! Биринчи орунду ким алсада азамат экен! Шайлоо ак отту.
-3
Sveta23
2017-06-19 18:42:39
Кандай белек алышат.Канчанчы орунга чейин сыйланышат...конкурс башталгандан бери бул туурасында такыр кеп козгободуңар го Супер Инфо
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан