"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ысык-Көлдө өрттөнүп жаткан май куюучу жайга 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды

Учурда Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Ананьево айылында жүк ташыган унаа менен май куюучу жай өрттөнүп жаткан жерге 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат 17:25те келип түшкөн. Учурда өрт болгон жерде 3 өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Азырынча жабырлануучулар бар же жок экени тууралуу маалымат жоктугун, окуя тууралуу маалыматтар берилерин билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 19-июнда Ананьево айылында жүк ташыган унаа жана май куюучу жай өрттөнүп жатканын окурман кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
stervella415
2017-06-19 21:45:42
Жабырлануучулар жок болсо екен (((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан