19-июнда түнкү саат 01:30дар чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терс суусуна ауди үлгүсүндөгү унаа жүргүнчүлөрү менен түшүп кетти.
Бул кабарды ӨКМнын аталган райондогу бөлүмүнүн жетекчиси Алтынбек Сулайманов SUPER.KG порталына маалымдады.
“Ошол маалда унаада 2 аял, 2 эркек адам келе жаткан. Эркектердин экөө тең унаа кулап сууга түшкөн кезде жээкке сүзүп чыгып кетишиптир. Бир аялдын жансыз денеси унаа түшкөн жерден 15-20 чакырымдай аралыктан табылды. Дагы бир аял жүргүнчү менен унаа бүгүн табылган жок, издөө иштери уланып жатат”, - деди Сулайманов.