Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Конфедерациялар Кубогунун алкагында учурдагы Дүйнө чемпиону Германия алгачкы беттешин өткөрөт. Анда немис футболчуларына Австралия каршы турат.
Аталган беттеш "В" тайпасында орун алып, 1-турдук оюндарды жыйынтыктайт. Бул тайпадагы алгачкы беттеште Чили Камерунду 2:0 эсебинде жеңип, 3 упайга ээ болгон.
Белгилей кетсек, Йоахим Лев курамга Мюллер, Озил, Кроос сыяктуу футболчуларды чакырган эмес. Германиянын курамы көпчүлүк жаш футболчулардан түзүлгөн.