Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча Конфедерациялар Кубогунда 1-турдук оюндар жыйынтыкталды. 19-июнда “В” тайпасында Австралия – Германия беттеши орун алды.
Оюндун жүрүшүндө немис футболчулары кооптуу чабуулдарды коюп, 5-мүнөттө эле эсепти ачышты. Юлиан Брандттын пасын Ларс Штиндль голго айлантты. Буга Азия чемпиондору 41-мүнөттө Рогичтин голу менен жооп кайтарса, арадан 3 мүнөт өтпөй Юлиан Дракслер пенальтиден айырмаланды. Экинчи бөлүктө командалар бирден гол киргизишти. Жыйынтыгында Германия 3:2 эсебинде жеңип, 3 упайга ээ болду.
Белгилей кетсек, аталган тайпада Чили Камерунду 2:0 эсебинде жеңип алган. Тайпалык оюндардын 2-турдук беттештери 21-июнда өтөт.