Соңку кездерде "ырчы Данияр Эрматовдун борбор калаадагы сулуулук салондорунун биринде эмгектенген Айпери Эрматова аттуу кыз менен сүйүү мамилеси бар" деген кептер айтылып келет. Ал гана эмес экөөнүн социалдык тармактардагы чогуу түшкөн сүрөттөрүнө бакыт каалап, билдирүү калтырган күйөрмандардын саны арбын. Анан да экөөнү көптөгөн иш-чараларда, тойлордо чогуу жүргөнүн байкоого болот.
Күйөрмандардын бүйүр кызыткан суроолоруна жооп алуу үчүн ырчы менен байланышсак, SUPER.KG`ге буларды билдирди:
"Айпери экөөбүздүн фамилиябыз гана окшош. Ал салондо иштегендиктен, мен ага кардар катары барып турам. Ортобузда достук мамиле бар. Андан башка эч нерсе жок жана болушу да мүмкүн эмес", - деген жооп узатты Данияр Эрматов.