Кечээ, 19-июнда Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылында жеке ишкер Виктор Бориского таандык газ саткан жайда өрт чыкты. Кырсыктан 52 жаштагы тургун 10 жаштагы уулу менен каза болуп, 8 адам жабыр тартып, 4 унаа күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ саат 17:22лер чамасында өрт тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрт саат 18:30да чектөөгө алынса, 4 сааттан кийин 21:15те толук өчүрүлгөн.
Өрттүн натыйжасында 30 тонна цистернасы менен ДАФ унаасы, РЕНО унаасынын бир бөлүгү, ГАЗ-53 цистернасы менен оор жүк ташуучу унаа, Газель унаасы цистернасы менен, 1 жеӊил унаа өрттөнүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Өрт болгон жерге жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, 34 кызматкер иштеген.