13-19-июнь аралыгында волейбол боюнча кыз-келиндер арасында 2-турдук оюндар орун алып, анда жеңүүчү командалар аныкталды. Бул тууралуу Волейбол федерациясы билдирет.
Жалпы 6 команда күрөшкөн чемпиондукта бишкектик “Салам-Алик” командасы 2-турда 6 оюнда 5 жеңиш жана бир жеңилүү менен 1-орунду багынтты. Аталган команда 26 упай топтой алган. Муну менен “Салам-Алик” 9-жолу өлкө чемпиондугун багынтып отурат.
21 упай топтогон “Дордой Намыс” командасы экинчи орунду ээлесе, 3-орунду Оштун “Алай Датка” командасы 18 упайы менен багынтты.