Нарын шаарында жол кырсыгы орун алып, айдоочу жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын шаардык өрткө каршы күрөшүү кызматынан Эламан Кубанычбеков билдирди.
"Нарын шаарында Волга 3110 үлгүсүндөгү жеңил унаа жүк ташуучу ДАФ үлгүсүндөгү унааны сүзүп, жыйынтыгында волга өрттөнүп кеткен. Кырсыктан Өмүрбек Калиев аттуу айдоочусу бейтапканага жеткирилди. Ал жандандыруу бөлүмүндө", - деп билдирди Кубанычбеков.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 19-июнь күнү түнкү саат 21:55тер чамасында болгон. Кырсыктан улам Калиевдин унаасынын кыймылдаткычынан өрт чыгып күйүп кеткен.