Бүгүн, 20-июнда ырчы Гүлзинат Суранчиева маалымат жыйын өткөрүп, анда 17-июнда болуп өткөн кайрымдуулук концерти жөнүндө маалымат берди.
"Кайрымдуулук концерт өткөрүү - көптөн бери ишке ашпай келген кыялым эле. Колумдан келсе өлкөдөгү бардык карыларга жардам бермекмин. Тилекке каршы, түшкөн каражат өтө деле чоң суммада эмес", - деген ырчы концерттен түшкөн 200 миң сомду Ленин районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине тапшырды.
Келген ардагерлер "көпчүлүгү бизди 9-майда эле эстешет. Гүлзинат ушул системди жойгон алгачкы патриоттордон болду" дешип, ыраазычылыгын билдиришти.