Бүгүн, 20-июнда Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 4 адам жабыр тартып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй облустук Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 174-чакырымында Нисан Мурано үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу унааны башкара албай жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 2 жаш бала жана 4 адам болгон.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, жол кырсыгынан жабыр тарткан 4 адам жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Жаш балдардын бирине биринчи жардам көрсөтүлгөндөн соӊ туугандары үйүнө алып кеткен.