Бүгүн, 20-июнда президент Алмазбек Атамбаев 19-июнь күнү Ысык-Көл облусундагы Ананьеводо газ саткан жайдагы жарылууда каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, мамлекет башчы андан сырткары каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берген.
Эскерте кетсек, Ананьеводо жарылуудан улам 2 адам каза таап, 8 адам жабыр тарткан.