Бүгүн, 20-июнда австралиялык продюсер жана актриса Николь Кидман 50 жашка толду.
Ал 1967-жылы Американын Гавайи штатында туулган. 4 жашынан тарта балетке катышып, кийинчерээк актрисалык кесипке кызыгып кеткен. Дебюттук ролун 15 жашында “Токойдогу Рождество” тасмасында чагылдырган. 2003-2004-жылдар актрисанын карьерасындагы атактуулугу артып турган учур болгон. Өзгөчө "Башкалар", "Котормочу" тасмалары эбегейсиз популярдуулук алып келген.
Кидман эки жолу турмушка чыккан. 1990-жылы актёр Том Крузга турмушка чыгып, Изабелла жана Коннор аттуу бир кыз, бир уулду багып алган. Түгөйлөр 2001-жылы ажырашып кеткен.
Кийин 2006-жылы музыкант жана ырчы Кит Урбан менен турмуш жолуна аттанган. 2008-жылы кыз төрөп, атын Сандэй Роуз койгон. Ал эми 2010-жылы Фэйт Маргарет аттуу кызы карын эненин жардамы менен жарык дүйнөгө келген.
20-июндун жылнаамасы.