17-19-июнь аралыгында Бишкекте жеңил атлетика боюнча Олимпиада оюндарынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык мелдеш болуп өттү. 20-ирет уюшулуп жаткан мелдеш Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болуп, ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Шри-Ланка жана Кыргыз өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышты.
Анда жалпы алыстыкка секирүү, бийиктикке секирүү, шыргый менен секирүү, шыргый ыргытуу сыяктуу спорт түрлөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлайт.
Анда 1500 метр аралыкка чуркоодо Мусулман Жоломанов, кыз-келиндер арасында 1500 метр аралыкка чуркоодо Сатарова Гүлшаной, 5000 метр аралыкка чуркоодо Адилет Кыштакбеков, 10 чакырымга чуркоодо Бердигул Айтпай уулу, алыстыкка секирүүдө Анна Буланова жана найза ыргытууда Иван Фисенко 1-орунду алышты.
Кошумчалай кетсек, Татьяна Колпакова алыстыкка секирүү боюнча 1980-жылы Москва Олимпиадасында алтын медаль тагынган.