Ош облусунун Араван районундагы Араван токой чарбасынын аймагында мрамор таштарын мыйзамсыз ташыган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Маматказы Исанов аттуу тургун жайыт багытындагы жерден баалуу кенди казып жүргөндүгү аныкталган. Мыйзамсыз аракеттерге Араван токой чарба кызматы эч кандай чара көргөн эмес.
"Ишкердин мыйзамсыз ишмердүүлүгү токтотулуп 18 000 сом айып салынды. Бүгүнкү күндө коюлган доо айыптар толугу менен өндүрүлгөн. Ал эми мыйзамсыз иштерге жол берген Араван токой чарбасынын тийиштүү адистерине чара көрүү боюнча иштер жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.