30-июндан 3-июлга чейинки аралыкта Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) Кыргыз Республикасындагы спорт журналисттеринин арасында мелдеш өтөт. Иш-чара 2-июль - Спорт журналисттеринин эл аралык күнүнө карата уюштурулууда.
Уюштуруучулар билдиргендей, спорт журналисттери маалымат жеткирип гана тим болбой, бул жолу кичи футбол, аркан тартыш, кол күрөш жана сууда сүзүү сыяктуу спорт түрлөрү боюнча өз ара мыктыларды аныкташмакчы.
Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен 527 миң сом бөлүнгөн.