Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун Акман айылындагы Кайырма көлмөсүнө 9 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 9 жаштагы бала саат 15:00дөр чамасында сууга чөгүп кеткен. Анын денесин куткаруучулар окуя болгон жерге жеткенче, сууга түшүп жаткан балдар тарабынан саат 18:00дөр чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.