Жактоочу Арман Кыйгырова күнөөсүз эки жаран өмүр бою эркинен ажыратылып, абакта жатканын айтып чыкты

Жактоочу Арман Кыйгырова бүгүн, 21-июнь күнү Акыйкатчы институтунун сот адилеттигине байланышкан баяндамасын талкуулоо учурунда абакта айрым күнөөсүз кармалып жаткан жарандардын көйгөйүн ортого салды. Кыйгырова өзү жактоочулук кылган үч жарандын соттук иштерине токтолуп, алар күнөөсүз кармалып жатканын белгиледи.

"Айбек Эрнист уулу аттуу жаран зордуктоо фактысы боюнча кармалып, эки жылдан бери абакта. Алгач №3-колонияда жаткан, жакында №1-СИЗОго которуп жиберишти. Бирок ал күнөөлүү экенин көрсөткөн бир дагы далил жок. Тийиштүү делинген бардык предметтерди экспертизадан өткөрүп, эч нерсе таба алышкан жок, арыздын негизинде гана кармап жатышат. Соттук иш жабык болуп, баш аламан өтүп жатат.

Дагы эки жаран Кара-Балта шаарында жашы жете элек кызды зордуктап, өлтүрүшкөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылып 2008-жылдан бери абакта. Эч кандай далили жок камалышты. Болгону бир койчунун жана бир жаш баланын көрсөтмөсү бар. Койчу балдардын бирин кылмыш болгон жерге жакын жерден көргөм деп көрсөтмө берген. Бирок кандай кылып өлтүргөнүн, зордуктаганын көргөн эмес. Камакта жаткандын дагы бири ошол учурда кафеде отурган. Аны менен бирге кафеде отурган 14 адам ал бала кылмыш болгон учурда кафеде болгонун далилдеп беришкен. Ошого карабай эркинен ажыратылышты. Буга Акыйкатчы институту көңүл бурушу керек", - деди жактоочу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ady-88
2017-06-21 13:15:10
Бизде эч качан акыйкаттык жок. Оозу кыйшык болсо да байдын баласы суйлосун олкодо жашайбыз.
+5
amirrus
2017-06-21 13:24:28
фамилия аты кызык экен жактоочу эжебиздин
+1
jbolotov
2017-06-21 13:38:48
Ош мамлекеттик аэропортун оруссиялык жеке ишкер сатып алганы жатыптыр? Бул эмнени билдирет? Бийликте тургандар ата мекен жер улуттук кызыкчылык коопсуздук дегенди ойлогондордор барбы.
+1
Saidulla
2017-06-21 15:02:19
)))Аты жөнү өзгөчө экен
0
Jarookerjan
2017-06-21 16:13:04
Эгерде чын эле куноосуз,кур доомат менен абакта отурушкан болсо ото окунучтуу.Куноосуз адам азапта ал эми чыныгы куноолуу кутулганына кубанып жыргап журот да эркиндикте.
+1
barakcha
2017-06-21 22:18:05
Кыргызстанда акыйкаттык жок!Олум жазасы киргизилсин деп бакылдайбыз.Мына,ушул сыяктуу эле куноосуздор олуп кете беришет!
0
chyngyz-40
2017-06-22 00:21:25
бул жерде алам омуру жонундо соз болуп жатат камалгандардын ордуна озуму койуп кордум 10жыл отуруп койуптур и чыкандан кийин элдер эмне деп соз кылат жаш кызды зордуктады деп кандайгана наалат айтышат соторго да акыйкат бар бул дуйнодо болбосо наркы дуйнодо акыйкат болуп калаар мин налаат ушу чондорго сотторго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан