Ысык-Көлдөгү жарылуунун күбөсү: "Унаанын жарылганы, өрттөнгөн кийимин чечип жылаңач жүргөн адам, баары кейиштүү көрүндү"

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы жарылуудан жабыр тарткандардын абалы өзгөрүүсүз, оор бойдон. Мындай кабарды бүгүн, 21-июнда Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын директору Алмира Алдашева SUPER.KG порталына билдирди.

Ал эми жарылуунун күбөсү Жаңыл Курманкожоева өрт учурунда кейиштүү окуяларга күбө болгон.

"Газ жарылган учурда 2 балам менен үйдө болчумун. Катуу жарылуу болуп, үй 5-6 жолу катуу титиреди. Жер титиреп жатат деп эшикке чыксак газ саткан жай өрттөнүп, жарылып жатыптыр. Ошол учурда бир бала чуркап жүргөн экен. Ал унаасын айдап газ саткан жайдын жанынан өтүп бара жатканда жарылуу болгон. Унаанын терезелери ачык болгондуктан жалынга күйүп калыптыр. Ал жүрүп бара жаткан унаадан секирип түшүптүр.Унаасы ары жактагы коргонду сүзүп токтоп, күйүп кеткен. Өрт учурунда дагы бир адамдын жылаңач чуркап жүргөнүн көрдүм. Биз өзүбүз да шок абалда болгондуктан эмне болуп жатканын деле түшүнгөн жокпуз. Ал кийимдери күйүп жатканда чечип ыргытып чуркап жүрүптүр.

Кийин жолдошум келип бизди "айдоо жакка баргыла" деп жөнөтүп, өзү короодо унаалар бар эле аларды башка жакка алып кетти. Ошол учурда жарылуудагы калдыктар үйлөрдүн үстүнө ыргып түшүп жатты. Биздин үй жарылуу болгон газ саткан жайдан 3 үйдөн кийин турат. Жарылуу учурунда газ баллондун сыныгы очоккананын үстүн талкалап, ичине кирип кетиптир. Өрттүн кесепетинен короодогу мөмөлүү бактардын баары куурап калды. Балдарым менен апам катуу чочуп калышкан, азыр молдолорго барып дем салдырып жатабыз", - дейт күбө.

Ананьеводогу жарылуудан тургундардын үйүнө зыян келди
Ананьеводогу жарылуудан тургундардын үйүнө зыян келди (2)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
guli-1980
2017-06-21 18:18:52
Ушундай кырсыктардан эл жабыр тартпаш учун эл жашабаган жерге куруу керек заправкаларды
+3
jbolotov
2017-06-21 20:10:48
Э Аллах кайгы кырсыктардан сактайгор. Элибизде бейкутчулук болсун
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан