Улуттук курама команданын футболчусу Антон Землянухин Орусиянын Премьер-Лигасында ойнойт

Улуттук курама команданын негизги оюнчуларынын бири Антон Землянухин жаңы сезондо Орусиянын Премьер-Лигасына чыккан "Ска Хабаровск" командасында ойнойт. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты билдирет.

Маалым болгондой, өлкөбүздүн футболчусу "Ска Хабаровск" менен бир жылдык келишимге кол койгон. 28 жаштагы футболчу буга чейин канттык "Абдыш-Ата", Казакстандын "Актөбө", "Кайрат" сыяктуу командаларында ойноп келген. Ошондой эле Сербия жана Таиланд чемпиондуктарында ойногон.

Белгилей кетсек, Хабаровск шаарынын командасы Орусиянын Улуттук лигасында жеңүүчү аталып, жаңы сезондо жогорку лигада ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
TalaCSKA
2017-06-21 20:43:35
Куттуктайбыз биз сага ишенебиз Антон !!!
+2
Arsenal2
2017-06-21 22:11:42
Оо красавчик Кыргызстандын атынан биринчилерден болуп ойноп калат экен да премер лигада
+2
JanEka
2017-06-21 22:35:34
Arsenal2,Буга чейин ойногондор болгон.
-1
sirgak_92
2017-06-21 23:14:48
JanEka,ал ссср маалында андан кийин эч ким ойногон эмес
0
Aman_Mansurov
2017-06-21 22:54:34
Ийгилик
+1
uli01
2017-06-21 23:04:23
оо онугот деген ушул
+1
Edward.14
2017-06-21 23:05:43
Ийгилик!Кана эми ошондон нары европанын доо шаа клубдарына отуп кетсен ажап эмес
+3
my_Opinion
2017-06-22 06:23:21
О ооо удачи тебе брааат.покажи себя :))
0
admin_superstan
2017-06-22 10:50:09
my_Opinion, портал кыргыз тилдүү болгондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
0
kyialreal
2017-06-24 01:24:54
Антон техничный игрок, ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан