Футбол боюнча Конфедерациялар Кубогунун 2-турунда “А” тайпасында үй ээси Орусия курамасы Португалия менен беттешип, 1:0 эсеби менен утулуп калды.
Бул оюн Москва шаарында “Открытие Арена” стадионунда өттү. Жалгыз гол 8-мүнөттө болду: Португалиянын курамасынын лидери Криштиану Роналду топту башы менен Игорь Акинфеевдин дарбазасына жөнөтө алды. Экинчи таймда Орусия эсепти теңөөгө жана алдыга чыгууга бир топ мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон.
Бул оюндан кийин Португалия 4 упайга ээ болуп, "А" тайпасында 2-орунга чыкты. Мексика Жаңы Зеландия менен ойноп, 2:1 эсебинде утту. Орусия эки турдун жыйынтыгында 3 упайга ээ болуп, 3-орунда жайгашты. Буга чейин ал Жаңы Зеландияны 2:0 эсеби менен жеңген.
24-июнда Португалия - Жаңы Зеландия, Орусия-Мексика оюндары болот.
Конфедерациялар Кубогу 17-июнда старт алып, финалы 2-июлда өтөт. Оюндар Москва, Казань, Сочи жана Санкт-Петербург шаарларында өтүүдө.