Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда кир, саркынды суулар агып өтүүчү жерден бир адамды топурак басып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Жыгач конушунун Ысык-Көл көчөсү менен Кожомкул көчөсүнүн кесилишинде суу агып өткөн жерден топурак түшүп, бир адамды басып калган. Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, каза болгон адамдын жансыз денесин чыгарышкан. Маркумдун аты-жөнү тактала элек. Анын жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.