Голливуддун белгилүү актёру жана дайыма жаратылышты коргоого жан үрөгөн Леонардо Ди Каприо дүйнөлүк океандарды жана андагы байырлагандарды, өсүмдүктөрдү коргоо үчүн "Leonardo DiCaprio Foundation" фонду жана "Represent" компаниясы менен биргеликте акция уюштурууда. Анда кийим-кечелер арзан баада сатылып, андан түшкөн каражат океандарды коргоого жумшалмакчы. Бул тууралуу Ди Каприо социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Бизге кошулуңуздар, аз санда чыгарылган футболка же толстовкадан бирди сатып алып, жаратылышты коргоого бир аз да болсо салым кошо аласыздар. Сиздин салымыңыз океандарды сактап калышы толук мүмкүн", - деп жазган актёр.
Маалым болгондой, 1 футболканын баасы 29 доллар 99 цент болсо, толстовка 44 доллар 99 цент турат.
Леонардо Ди Каприо жаратылышты, жан-жаныбарларды жана ак илбирстин тукумун сактап калууга салымын кошкон дүйнөдөгү адамдардын сап башында турат.