Америкалык актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын 19 жаштагы сиңдиси Кайли Женнер бардар жашоого көнгөн жылдыздардын катарын толуктайт. Кайли учурда "Time" журналынын рейтинги боюнча 14 жаштан 19 жашка чейинки кыздар арасында атактуулардын сап башында турат. Жакында эле Беверли-Хиллздеги ал жашап кеткен хансарай 27,5 миллион долларга сатыкка коюлду. Буга байланыштуу үйдүн сүрөттөрү интернетке чыгып, модель кандай үйдө жашап кеткенин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Анда 5 уктоочу, 7 жуунуучу бөлмө, ашкана жана үй кинотеатры, 3 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай, китепкана, теннис ойноочу зал жана сулуулук салону жайгашкан.
Кайлинин кошуналары да жөнөкөй адамдар эмес. Тактап айтканда, ал жерде Голливуддун жылдыздары Леонардо Ди Каприо, Тейлор Свифт, Жизель Бундхен, Жастин Бибер, Канье Уэст менен Ким Кардашьяндын үйлөрү жайгашкан.
Бирок Кайли хансарайдын ээси эмес, болгону аны айына 125 миң доллар төлөп ижарага алып жашаган. Ал эми анын өзүнө таандык 4 үйү бар, алардын баалары 6 миллиондон 12 миллион долларга чейин жетет. Жаш модель 14 жашынан тарта өзүн каржылоого жете турган каражат табат.