ЖЫЛНААМА, 22-ИЮНЬ: "Шуриктин сүйгөнү Нина" 70 жашка толду

Айтылуу "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары" тасмасында мыкты роль жараткан советтик актриса Наталья Варлей Румыниянын Констанца шаарында 1947-жылы төрөлгөн. Анын балалыгынын алгачкы жылдары Мурманск шаарында өткөн. Жашынан таланттуу, музыкага жакын өскөн Наталья үй-бүлөсү менен 3 жашында Москва шаарына көчүп келишкен. 1965-жылы Цирк өнөрү жана эстрадалык маданият орто окуу жайын бүтүрүп, Москвалык цирктин группасына кошулуп, эквилибристка болуп иштеген.

Наталья Варлей 19 жашында Леонид Гайдайдын "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары" тасмасына тартылган. Тасманын бет ачар аземи 1967-жылдын 1-апрелинде болгон. Ошондон баштап Варлейдин атак-даңкы алыска кеткен. Ал эми 1967-жылдын октябрь айында Константин Ершовдун жана Георгий Кропачевдун "Вий" деген фильмине башкы каармандын образын ойноп тартылган. Ал тасма Совет киносундагы алгачкы тартылган коркунучтуу фильмдердин катарына кирген.

Актриса баш-аягы 84 фильмде роль жараткан.

1967-жылы актер Николай Бурляевге турмушка чыгып, арадан көп өтпөй эки ажырым жолго түшүшкөн. Андан соң өзүнүн курсташы Владимир Тихонов менен үй-бүлө куруп, бирок ал алкоголдук ичимдиктерге берилип кеткендиги үчүн 1971-жылы боюнда бар экенине карабай ажырашууга аргасыз болушкан. 1972-жылдын январь айында Тихоновдун уулу Василий төрөлгөн.

Ал эми 1985-жылы актрисанын экинчи уулу Александр жарык дүйнөгө келген. Бирок анын атасы ким экени азыркыга чейин белгисиз.

22-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aruuke9292
2017-06-24 13:46:43
Прическа Нина боюнча го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан