МЕДИА-ПОРТАЛ: Эксклюзив! Ырчылар Данияр Эрматов менен Азамат Шералиевдин "Эӊсөө бийлеп" ырынын клибин биринчилерден болуп көрүӊүз

Бүгүн, 22-июнда "Медиа-портал" бөлүмү ырчылар Данияр Эрматов менен Азамат Шералиевдин жаӊы, эксклюзивдүү "Эӊсөө бийлеп" деген ырынын клиби менен толукталды. Данияр Эрматов аталган ырдын клибиндеги тартуу процесси жана ага кантип тартылганын SUPER.KG`ге айтып берди.

"Азамат Шералиев жаӊы чыгып келе жаткан ырчылардын бири. Биз менен көптөн бери чогуу жүрүп, бир топ иш-чара, концерттерди өткөргөнбүз. Ага дуэт ырдайбыз деп сөз берген элем, андыктан сөзүмө туруш үчүн "Эӊсөө бийлеп" ырын жаздырып, ага клип тарттырдык. Клипти тартуу түйшүгү, каармандарды табуу жана башка иштеринин баарын Азамат жасады. Мен жардам берип, өзгөртүү, толуктоо киргизип турдум. Албетте, башка клиптеримдей эле бул клипте да кыскача бир окуяны баяндай кеттик", - дейт ырчы.

Азамат Шералиев менен Данияр Эрматовдун "Эӊсөө бийлеп" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kaninaiman
2017-06-22 16:25:20
Эн Жакшы мага жакты, ушундай ырдаш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан