Түштүк кореялык актёр жана ырчы Ли Мин Хо 1987-жылы Сеулда туулган. Актёрлук карьерасын 2005-жылдан тарта баштаганы менен, 2009-жылы чыккан “Мыкты жигиттер” сериалындагы "Гү Жүн Пө" деген каармандын ролунан соң атактуулугу арткан. Кийин анын катышуусундагы "Жеке тандоолор", "Шаардык мергенчи", "Ишеним", "Мураскорлор" сериалдары популярдуу болгон.
Актёр 2015-жылы корей туризминин элчиси болуп дайындалган. Ушул эле жылдын жаз айларынан тарта актёрдун корей ырчысы Сюзи менен кыз-жигит катары мамиле куруп баштаганы айтылат. Көпчүлүктүн "экөө эки ажырым жолго түшкөн" деген сөздөрүнө жооп кылып, 2016-жылдын 3-апрелинде мамилелеринин бир жылдыгынын урматына досторунун коштоосунда чакан кече өткөрүшкөн.
2017-жылдын 10-мартында чыгармачылыгынын 10 жылдыгына карата чоң кече уюштурган. Ал эми 12-майдан тарта аскердик кызматты альтернативдик түрдө өтүүдө.
22-июндун жылнаамасы.