Бүгүн, 22-июнда Бишкектеги курулуш материалдарын саткан "Гранд комфорт" соода борборунда 21 жаштагы жигит токко урунуп каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге өзүн баланын жакынымын деп тааныштырган Эдита аттуу жаран билдирди. Эдитанын айтымында, окуя бүгүн саат 14:30 чамасында болду.
"Учурда ата-энеси соода борбордун ичине киргизилбей сыртта турат. Алар соода борбордун жетекчилигинен эмне себептен баласы токко урунуп каза болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылып жатышат. Себеби бала ал жерде электрик эмес, соода сатык менен алектенчү", - деди Эдита.