Свердлов районунун салык кызматынын башкы инспектору ишкерден 2000 доллар пара алып жатканда кармалды

Бишкек шаардык Свердлов районунун салык кызматынын салыктарды текшерүү бөлүмүнүн башкы инспектору 20-июнда жеке ишкерден 1000 доллар, 34 000 миң сомду накталай алып жатканда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганын мекеменин маалымат кызматы жарыялады.

“Свердлов районунун салык кызматынын Э.Ч аттуу башкы инспектору аталган райондун аймагында жайгашкан С.А аттуу жарандын ЖЧКсын кезексиз текшерүүдөн өткөрүп, салык жагынан алардын пайдасына ыңгайлуу чечим жасап берем деп 2000 доллар талап кылган. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында 20-июнь күнү пара алып жаткан жеринен салык кызматынын башкы инспектору Э.Ч колго түштү. Учурда кармалган адамдын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин пара талап кылуу, кызмат учурунда ири өлчөмдөгү пара алган деген бөлүмдөрү боюнча кылмыш иши козголуп иликтөө жүрүп жатат”, - деп айтылат жарыяланган маалыматта.

Салыкчы пара алып жаткан маалда кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ayida
2017-06-22 20:04:23
Бул акча берип карматкан адам кийин зыянга учурабайбы?Сен мени карматкансын деп аны кыспайбы?
+3
karona
2017-06-22 20:32:58
Ушуга окшогондордун баарын кармап жазаласа кандай жакшы болоор эле...
+1
TalaCSKA
2017-06-22 20:57:51
Ушуга окшоп мурда пара менен кармалгандар жонундо бир иликтеп берсенен жакшы болот эле Супер
+3
kenjebek_a
2017-06-22 23:44:22
Ушулардай эле шетныйлалатанын текшеруучулорун да катуу козомолдосо жакшы болмок.Айрыкча министрликтерди текшергендерин.Карупцияны коруп же жок болсо деле акча сындырат.3-4айлап текшериш,ар куну обед ужин кайсы министрлик болсо ошолордун болум башчыларынын эсебинен болот.Даже бензиннине чейин.Анан чайын ичкен киши карупцияны айтабы.Кыскасы тойгозушту.
0
Asan123
2017-06-23 02:51:23
Мен тушунбойм эмнеге телевизордон чыкбайт дагы супер инфодон чыгат Бул дегени ушак да турабы эл зерикбесин дегениби
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан