Москвада канализациядан чыккан газга ууланып, 5 адам каза болду

Москва шаарында канализацияга кирчү кудукта оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан адамдар ичинен чыккан газга ууланып, алардын бешөө каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү куткаруу кызматына шилтеме берип ТАСС басылмасы жазып чыкты.

"Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 5, ал эми 1 адам жабыркаган. Кырсык Москва шаарынын батыш тарабында орун алган. Ыкчам куткаруу кызматынын өкүлүнүн билдиргенине караганда маркумдар метан - газ абалындагы аралашмага ууланышкан. Метандын жыты Боженко көчөсүндөгү №5-үйдүн алдындагы канализациядан 6 кызматкер ыплас суу сордуруп иштеп жаткан учурда чыккан. Алдын ала маалыматтарга таянсак, кызматкерлер техникалык коопсуздукту сактабай иштешкен. Кырсык катталган жерде ыкчам куткаруу кызматынын адистери иштеп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, былтыр 9-июнда Нарын облусундагы Нарын шаарында дагы дал ушундай газга уулануу фактысы катталып, жыйынтыгында “Нарын суу-канал” ишканасынын 3 кызматкери каза болуп, 2 адам ооруканага жеткирилген. Бул окуя дагы противогазы жок, техникалык коопсуздукту сактабай кудукка кирип кеткендиктен улам келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2017-06-22 21:07:22
Ооо кудай, арасында кыргызым боло корбосо экен.
+3
maratbek88.88
2017-06-23 09:37:49
2косу кыргыз деп жазып атышатко 2ко украин 1 орус жараны Россия малиматына караганда кудай сактай кор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан