ЖЫЛНААМА, 23-ИЮНЬ: Орусиялык ырчы Валерий Меладзе 52 жашка толду

Орусиялык белгилүү ырчы Валерий Меладзе Грузиянын Батуми шаарында төрөлгөн. Паспорту боюнча аты Валерий эмес – Валериан. Валерий бала кезинде ырчы болом деп такыр кыялданган эмес. Ата-энеси музыка сүйүүчүлөрдөн болгондуктан, Валерийди жана агасы Константинди музыкалык мектепке беришкен.

Мектепти бүтүргөн соң Украинада окуган агасы Константиндин жанына барып кеме куруу институтуна тапшырып, өтүп кетет. Бөтөн шаарда бири-бирине жөлөк-таяк болгон бир туугандар бүгүнкү ийгиликке акырындап жетишкен. Кийин экөө "Апрель" аттуу музыкалык ансамблдин мүчөлөрү менен таанышып калышат. Ал ансамблге клавишада ойноочу адам керек эле. Валерийге ошондо музыкалык мектепте окуганынын пайдасы тийип, башында клавишада ойноп, кийинчерээк бэк-вокалчы болуп калат.

Шоу-бизнеске аралашып, жол-жобосун түшүнүп калган ага-ини өздөрүнчө иштей башташат. Бири ыр жазып, экинчиси аткарып. 1994-жылы Меладзенин "Не тревожь мне душу, скрипка" ("Скрипка, жан дүйнөмдүн тынчын алба") аттуу алгачкы ыры хитке айланат. Ошол ыры менен Валерий "Жылдын ачылышы" наамына ээ болуп, көптөгөн көрүнүктүү адамдардын көзүнө илине баштайт. Алардын бири Алла Пугачёва болгон. Примадонна аны өзүнүн жаңы жылдык кечесине чакырат. Меладзенин чоң шоу-бизнеске аралашып калуусуна дал ушул кече себепкер болгон. Ал жерден Пугачёва аркылуу аттуу-баштуу ырчылар менен таанышып калат да, мындан аркы ишине жол ачылат. "Сэра", "Актриса", "Девушка из высшего общества" аттуу ырлары биринин артынан бири жаралып, популярдуу ырларга айлана берет.

Ырчы 1998-жылы Ирина Малухина аттуу бийкечке үйлөнүп, Инга, София жана Арина аттуу кыздардын атасы болот. Тилекке каршы, экөөнүн үй-бүлө очогу көпкө тутанбай, 2014-жылы ажырашып кетишет. Кийин Орусиядагы белгилүү “Виа-Гра” тобунун ошол кездеги солисти Альбина Жанабаевага үйлөнүп, Константин жана Лука аттуу уулдуу болушкан.

23-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан