Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну баңгизаты менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурда соттолгон Б.И. аттуу 32 жаштагы тургунду текшерүүгө алганда жанында алып жүргөн баштыгынан 4,250 грамм марихуана табылган. Мындан сырткары Б.Е. аттуу 31 жаштагы тургун да марихуана менен кармалган. Учурда мыйзамсыз баңгизаты менен кармалгандардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.