Биз социалдык тармакта

Москвада канализациядан чыккан газга ууланып каза болгондордун экөө Кыргыз жарандары

Москвада канализациядан чыккан газга ууланып каза болгондордун экөө Кыргыз жарандары. Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен SUPER.KG'ге билдиришкендей, элчиликтин кызматкерлери 22-июнда окуя болгон жерге барышкан. Алар Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары бар экендиги тууралуу маалымат алышкан. Азыркы учурда каза болгон жарандардын аты-жөндөрү такталууда.

Окуя кечээ, 22-июнда Москва шаарынын батыш тарабындагы Кунцево районундагы Боженко 5 көчөсүндө болгон. Анда жумушчулар үйдүн алдындагы канализациядагы ыплас сууну сордуруп жатышып, 6 жумушчу метан - газ абалындагы аралашмага ууланышкан. Андан 5 адам каза таап, бир адам ооруканага жиберилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча алар техникалык коопсуздукту сакташкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Enjela
2017-06-23 10:34:58
ООО Жараткан озун сактай кор пенделеринди алыста жургон кыргыз элим, туугандарым аман болсунчу!!!
+13
toktor89
2017-06-23 10:40:32
Бараар жери жаннат болсун
+10
Kaninaiman
2017-06-23 10:47:09
Тооба ушу суперге бысмылда деп баш багып кирем Жакшы жанылыктар болсо экен деп,кун сайын авто кырсык,каза болду ж.б. Аллахым озун сакта болок жерде жургон мекендештерди
+8
Azat.97
2017-06-23 11:17:42
Алыста жургон мекендештерибиз аман эсен мекенине кайтып келсинчи.
+6
Nurik-88
2017-06-23 11:21:15
А байкуш кыргыздар. Жайлары жаннаттан болсун.. супер инфо россияда кыргыз айдоочу куболук менен иштоо маселеси он жака чечилди деген маалымат бар. Ошону тактап бераластарбы
+3
admin_superstan
2017-06-23 12:44:24
Nurik-88, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
aibars
2017-06-23 11:30:18
Ушуну угуудан корктум эле.
+5
AzKumFerDan
2017-06-23 11:39:12
Таш ыргытса кыргыздын башына тиймек болдуго.
+5
Tuke8686
2017-06-23 14:05:37
Мадмаров айткандай туло откоруш керек эле болуп жатат тугандар кыргызымы кырсык басып жаман эле болуп жатат республикалык денгелде
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан