АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка окшошууну каалап пластикалык операция жасаткандар көбөйүүдө

Америкалык бийкечтер АКШнын биринчи айымы Мелания Трампка окшошуу үчүн пластикалык операция жасатышууда. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү The Daily Beast басылмасы жазып чыккан.

Анда пластикалык хирург Франклин Роуздун маеги жарыяланган.

“Соңку кездерде АКШнын президентинин кызы Иванка Трампка окшошууну каалаган кардарлар көп болчу. Бирок азыр анын ордун Мелания Трамп басты. Учурда ага окшошууну каалаган кыздардын саны өтө эле арбын”, - деген ал күлүп.

Ошондой эле бир канча күн мурун пластикалык операцияны башынан өткөргөн Роуздун кардары Клаудия Сиерра биринчи айымга окшошуу үчүн көкүрөгүн кичирейтүүгө чейин барганын айткан.

“Мен Меланияга окшошкум келет. Анткени ал - эрктүү, күчтүү, эч нерседен тайманбаган башкаруучунун образын берип тургандай туюлат”, - деген ал.

Муну коомчулук ар кандай талкууга алууда. Көпчүлүк “Меланияны Daily Mail басылмасы менен болгон чырдан кийин кумир тутуп калышкандар көп” деген пикирлерин билдиришкен.

Эске салсак, 2016-жылы The Daily Mail басылмасында "Мелания Трамп 1990-жылдары эскорттук кызмат көрсөтүү менен алектенген" деген макала жарык көргөн. Буга ачууланган АКШнын биринчи айымы басылманы сотко берип, моралдык зыян келтиргени үчүн 150 миллион доллар айып сураган. Бирок соттун биринчи отурумунан кийин эле басылма Меланиядан кечирим сурап, гезиттин кийинки санына “бул жөн гана божомолдор болчу” деп жазышкан.

Эскорт – адамдарды жандап жүрүүчү кызмат. Кардардын каалоосуна жараша эскорт кызматкерлери өздөрүнүн жумуштарынан сырткары жашыруун сойкулук менен да алектенишет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Baktygul98
2017-06-23 17:58:04
Кызык экен,бирок пластикалык операция аябай зыян болсо керек
0
Jeka1996vip
2017-06-23 18:20:37
Атамбаевге окшошом дегендер барбы бизде?
+5
Firdaus-Muslim
2017-06-23 18:29:01
Жөн эле жүрө беришбейби эми, жаратканга шүгүр деп.
+1
jaz99
2017-06-23 19:01:45
Биздин биринчи айымга окшошкусу келгендерчи?!)) Ашанын эркесине?
0
Shekeev969798
2017-06-23 21:06:54
Трамптын кыздарыбы?
0
Adi.Avazbekov
2017-06-24 08:25:40
Shekeev969798,аялы
0
pixduel1
2017-06-23 22:16:59
Бизде деле эскорт менен алектенгендер толтураго моделдик агенттер))
0
Zinazima
2017-06-24 12:17:17
Иванканын сулуулугу жагат Меланияга Караганда булар эне балабы кызык?
0
Bilal2014
2017-06-24 23:36:45
Иванка дональд трамптын биринчи аялынан.меланьенин бир эле баласы бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан