Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн Абдылда Капаров 4 жылга кесилди

Ош облустук сотунун чечими менен милициянын полковниги, Ош облусундагы Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновду коргоо комитетинин төрагасы, облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров 4 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди облустук сот 21-июнь күнү чыгарган.

Абдылда Капаров бир тууган Жээнбековдор (Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков) 2010-жылы Ош окуясын жөнгө салууга бөлүнгөн акчаларды мыйзамсыз пайдалангандыгын айтып сындап келген. Ошондой эле ал Текебаев жана Чотонов камакка алынганда Ош шаарында эл чогултуп нааразычылык акцияларын уюштуруп, Ош облусундагы Ө.Текебаев жана Д.Чотоновду коргоо комитетинин төрагасы болгон.

Эске салсак, Абдылда Капаров ушул жылдын 25-мартында камакка алынган. Ага укук коргоо органдарына жалган көрсөтмө берген, Конституциялык түзүлүшкө шек келтирген, президент Алмазбек Атамбаевдин сүрөтүн өрттөгөн деп айып тагылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
ady-88
2017-06-23 18:24:26
А байкуш мент зонада эмне болоор экен эми.
-2
Ali-han
2017-06-23 18:49:53
Буларды андайларга кошпойт. Бийликтеги адамдар озунчо камалат
+7
tursunbaev78
2017-06-24 00:11:27
Ali-han,ким айтты кошпойт деп бизде жок андай зона бардыгы бирге отурушат ментиңда депутатыңда баш кесериңда
0
tursunbaev78
2017-06-24 00:13:41
Ali-han, Россияда ошо сен айткандай бөлөк отурат аларда ошондой зоналар(красный)бар
+1
CEO
2017-06-23 19:06:05
Биз милиция менен УКМК кызматкерлнрине Атамбаевди коргошу учун акча толоп жатабызбы?!! Сот, прокурорлорго Атамбаевдин пайдасына иштеши учун казынадан акча берип жатабызбы?!! Атамбаевди "тряпка" деген жаран камалды. Атамбаевдин суротун орттогон жаран да камалып жатат. Атамбаев башкаларды сасык саясатчы, ал-бул дегени учун эмнеге жооп бербейт, камалбайт?!! Эмнеге Мусабекова сыяктуулар камалбайт?!!

Тоок, козу уурдагандар камалат да, миллион уурдагандар бийликте отурат!!!
+22
Nurkyz1977
2017-06-23 23:17:38
CEO,эн туура ар бир жаран оз оюун айтканга укуктуу. Калыстык жок арман дуйно болуп жатат.
+9
bakulya2015
2017-06-23 19:10:57
Боинг кырсыгыныда далилдеп ошол себебчи инсанды да таап,ортоп жок кылгыла мыйзам бирдей иштесин,бир суротко ушунча ал жерде бирден ашык инсандын омуру менен кош айтты.
+9
CEO
2017-06-23 19:17:36
bakulya2015, боинг кырсыгы пилоттордун катасынан улам болгон, ал эми самолеттогу контрабанда бийликке караштуу болгон. Жашырганда эмне!!!
+12
kyalbek
2017-06-23 19:16:40
Бийлике каяша кылгандардын баары камалууда,Озулоруда турмого отураар кун болоор бекен ак жеринен далайлар чыркырап камалышты. Эх бийлик адамды эмнегана кылбайт
+11
Adiletto
2017-06-23 19:43:10
Бийлик бийлик эле дейсинер бийликти бийлеп аткан бир гана киши ал атамбаев
+2
pixduel1
2017-06-23 20:01:26
Эл азыр аран турат бир немени коргусу бар бул ажо !
+7
mr.ulan89
2017-06-23 20:10:05
pixduel1,туура мен айтып эле келе жатам шайлоого жетпей турцияга качпаса болду же путин байкесине
+9
Nursultankyrgyz
2017-06-23 22:37:20
Орозо айында,элдин алдында Атамбаевди анын колунда жургондорду Кудайдын астыга койдум.Аллахым баарын коруп,билип турасын канчалагын бей куноо инсандарыбызды,эибизди кыйнап бутту!Озун жазанды бере кор!
+10
Attila88
2017-06-24 00:13:33
Nursultankyrgyz,Сага кошулам.омиин
+6
Nasichat
2017-06-24 09:20:38
Эх Аша Аша озунду Кудайдан улук эсептеп алдынгоо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан