ЖЫЛНААМА, 24-ИЮНЬ: Композитор, Кыргыз ССРинин Гимнинин автору Абдылас Малдыбаев туулган

Композитор жана ырчы, СССРдин Эл артисти Абдылас Малдыбаев 1906-жылы, 24-июнда Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. Алматы казак-кыргыз агартуу институтунда, Кыргыз педтехникумунда окуган. Москва консерваториясында Кыргыз улут студиясынан билим алган. Фрунзедеги музыкалык техникумда директор, музыкалык студияда артист, Кыргыз опера жана балет театрында артист, Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын директору болуп иштеген. Кыргыз профессионал музыкасынын негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев Кыргыз опера жанрын биринчи жолу 1936-жылы Власов, Фере менен түзгөн.

Малдыбаевдин балалык чагы 1916-жылдагы үркүнгө такалат. Анын талантынын өсүп чыгышына апасы Бейилда себепкер болгонун эскерүүлөрүндө көп айткан. Азап күндөрдү башынан кечирип, айыл ичиндеги каза болгон жакындарына апасынын кошкон кошогу анын ичиндеги талантын козгосо керек. Бул жылдарда болгон жан дүйнөсүндөгү толгонууну автор "Ажал ордуна" музыкалык драмасында ачып берген. “Ажал ордуна” музыкалык драмасы кыргыздардын үркүп Кытайга баргандагы жашоо турмушун козгогон өтө армандуу чыгармалардын бири катары бааланган.

Ал чыгармачылык жолун обончу катары баштаган. Ал 300дөй чыгарма жаратып, анын 200дөйү ыр-обондор. Композиторлор В.А.Власов, В.Г.Фере, М.Абдраев менен бирдикте операларга музыка жазган. Операларда өзү да бир нече ролдорду аткарган. Ошондой эле Власов менен бирдикте Кыргыз ССРинин Гимнинин обонун жазган.

Абдылас Малдыбаев Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси. СССР Жогорку Советине бир жолу, Кыргыз ССР Жогорку Советине үч жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Бишкектеги опера жана балет театрына анын ысымы берилген. Өлкө эгемендүүлүктү алып, өз валютасын негиздегенде 1 сомдук купюрага Абдылас Малдыбаевдин элеси түшүрүлгөнүн көпчүлүк жаштар биле бербейт.

Абдылас Малдыбаев 1978-жылы 72 жаш курагында каза болгон.

24-июнга карата жылнаама.

Абдылас Малдыбаев: "Отуруп уккандан тажасаңар, туруп угасыңар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан