Жалал-Абад облусунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарын алдын алуу максатында "Маяк" аталышындагы рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунун борбордук унаа жолдорунда өткөрүлдү. Анда медициналык "Тез жардам" кызматынын унаасына жол бербей, жол эрежелерин одоно бузуп катуу ылдамдыкта жүргөн автоунаа токтотулду. Мындан тышкары мамлекеттик белгиси жок, айнектери караңгылатылган унааларды айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү документтери жок, унааны белгиленген тартипте өз убагында каттоодон өткөрбөй башкарган фактылар катталды. Унаа ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп протоколдор толтурулду. Рейддин жүрүшүндө жалпысынан 30дан ашуун унаа ээлерине протоколдор түзүлүп, унаалары айып унаа токтотуучу жайга киргизилди.