Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курамдын балбандары Польшада өтө турган эл аралык мелдешке катышат. Аталган мелдеш 7-июлдан 9-июлга чейин өткөрүлмөкчү. Бул спорттук мелдеште өлкөбүздүн атынан жалпы 12 балбан күчүн сынашат.
59 килограмм салмак категориясында — Каныбек Жолчубеков, Калы Сулайманов;
66 килограмм салмак категориясында — Жанат Кыйлыбаев жана Нурбек Абдуганиев;
71 килограмм салмак категориясында — Нургазы Асангулов жана Руслан Царев;
75 килограмм салмак категориясында — Кайратбек Түгөлбаев;
80 килограмм салмак категориясында — Атабек Азисбеков жана Самат Шырдаков;
85 килограмм салмак категориясында — Азат Бейшебеков;
98 килограмм салмак категориясында — Узур Жусупбеков;
130 килограмм салмак категориясында — Мурат Рамонов.